super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кызымды бала бакчадан тайпалышы денесинин ар кайсы жеринен тиштеп салып, ооруканада жатабыз" дейт окурман

 

"Бала бакчада кызымды бир бала 15 жолу денесинин ар кайсы жеринен тиштеп салып, азыр ооруканада жатабыз" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жиберген.

"Биз Бишкек шаарында жашайбыз. Кызыбызды 1 жашында эле менчик бала бакчага алып барганбыз. Барганына 1 ай болгон. 1-августта саат 12:00дө кызымды өзүнүн тайпасындагы бир бала бетинен, денесинин ар кайсы жеринен 15 жолу тиштеп салыптыр. Биз "эмнеге караган эмессиңер?" деп тарбиячыга айтсак, ал "кызыңар эрте уктап калган. Ошондо жанына жакын жаткан бала барып тиштеп салыптыр. Ал бала буга чейин башка кыздын колун тиштеп салган" деп жатат. Биз ооруканага барсак, дарыгерлер кызарып, көк болгон жерлер тиштелгенин айтты. Азыр ооруканада жатабыз. Бул окуя боюнча бала бакчанын жетекчисине кайрылганыбызда, ал кызымдын дарылануусуна жардам берерин айткан. Бирок ооруканада жатканыбызда келип, 200 сом карматты да "ушул жардамыбыз, ушуну менен бүттү" деп кетип калды. Ушундай окуяларды териштире турган жактар барбы?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(37)
04.08.2018. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Жоопкерчилик жокда.Баарын бир жерге камап,өзү ушакты кууп отурду да эси ооп.
Ушунча тиштегенче карабай эшек такалап жүрдүбү деймда.
05.08.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
madina.87,ушакты эзип отурду да чындап эле ))))))
04.08.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Иий оорутуп тиштеп жатса уктап жата бермек беле? Калпты да окшоштуруп айтса
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: