super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Декреттик өргүүгө чыкканда 2 айлык маянаны беребиз дешкен, бирок 1 айлык маянамдын жарымын карматты" дейт окурман

 

"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Декреттик өргүүгө чыкканда 2 айлык акыны беребиз деген. Мага төрөткө чейин 1 айлыгымдын жарымын карматты" деген билдирүүсүн жөнөткөн.

"Мен Ош шаарындагы А.Макаренко атындагы орто мектепте башталгыч класстын окуучуларына сабак берем. Мугалимдер жетишсиз болгондуктан 2 класска сабак берем. Айлыгым 12 миң 500 сом. Кош бойлуулуктун 7чи айында декреттик өргүүгө чыктым. Мага төрөткө чейин деп 6 миң сом акча беришти. Төрөгөндөн кийин 3 миң сомдой берилерин айтышты. Бирок келишимде декреттик өргүүгө чыкканда 2 айдын акчасы берилет деп жазылган. Менин таанышым Ош облусунун Гүлчө айылындагы мектепте сабак берет. Ал декреттик өргүүгө чыкканда ага 2 айдын маянасын толук беришиптир. Мектептин эсепчиси "2011-жылдан бери 2 айдын маянасы берилбей калган" деп койду. Негизи мыйзам боюнча мугалимдер декреттик өргүүгө чыкканда канча айлыгы төлөнүп берилет? Анан дагы аймактарга жараша берилеби?" - деген билдирүүсүн жөнөткөн.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
07.08.2018. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
байкуш мугалимдерге эле кыйын болду эхххх
07.08.2018. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
шаардагыларга аябай эле аз толонот экен тоолуу аймактарга коп толонот,мисалы мен 12саат 4200с айлык мн 24500 торогонго чейин 7500с торогондон кийин алдым,коп саат мн иштегендер 50-60миндин тегерегинде алышат
07.08.2018. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде менин билишимче бийик тоолуу аймактарда жакшы толонот. Гулчо бийик тоолуу аймактарга кирсе керек. Нарындын кээ бир райондору да ошондой. Ад Эми бийик тоолуу аймактарга кирбеген райондордо сиз айткандай толонот. После до деп бириккенде тогуз он мин алсам керек эле
07.08.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Макаренко,Кирова, Ломоносова, Амир Темир ушуга окшогон мектептер катталганда орус кыргыз мектеп деп катталган бирок Озбекче окутат. Ушул маселени карап Кыргызча окууту керек. Любой бир окуучусунан КР тарыхын же элементарный гимнди сураса билишбейт.
07.08.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аттестат алганда ото чон коррупция бар. 10 11 окубай эле самса же машина ондоп журуп эле бутуп кетет мектепти.
Пенсияга чыкканда баары эле инвалид I II III топтогу болуп чыгып алат. Каттуу козомолго алуу керек.
Такталган эле маалыматтар анан очуруп койбогула.
Artyr1994 түзөттү 2018-08-07 10:37:25
07.08.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
декреттик оргуу, оргуу шаар жери менен айыл жеринде айырма болот. мисалы биз жашаган райондо баардык эмгекке жарамсыздык баракчасы 100% олчомундо толук толонот. ошол эле декреттик оргуу да 100%олчомундо толонот. мисалы 6000 7000 сом айлык алган мугалим 45000 50000 сомдун тегерегинде декреттик оргуу алат
07.08.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Декреттик эргууго чыкканда официально иштесениз трудовой инспекцияга кайрылыныз трудовой менен. Анан 12000 айлык алсаныз аны 30 кунго болуп, чыккан сумманы 140 кунго кобойтунуз, 56000 сом алышыныз керек экен, оз укугунарды коргогула
08.08.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almanbetperm,140кунго бийик тоолуу аймактарда чыгат и ал 140кундон майрам, дем алыш кундорун чыгарганда 118 117 кун калат ошол кунго толонот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: