super.kg logo

Төө-Ашууда фура менен 2 кичи автобус сүзүшүп, 2 адам жаракат алды

 

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алды. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тимур Миркашировдун SUPER.KGге билдиришинче, кырсык 3-август күнү эртең мененки саат 06:00 чамасында катталган.

“Оштон Бишкекти көздөй келе жаткан МАН үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай айдоочу унааны башкара албай калган. Натыйжада унаа түндүктөн түштүктү карай бараткан Mercedes-Benz жана ага чиркелип бараткан ушул эле үлгүдөгү (Mercedes-Benz) кичи автобусту сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 кичи автобустун айдоочулары жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес”, - деди Миркаширов.

Ошондой эле маалымат катчы аталган факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: