super.kg logo
  Саясат  

Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барды (фоторепортаж)

 

Кэчээ, 4-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул ГЭСин жана Камбар-Ата 2 ГЭСин калыбына келтирүү жана реконструкциялоо иштери менен таанышып, ошону менен катар Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон гидроэлектрстанцияларына барды.

Өкмөт башчы машина залын, жаңы трансформаторлорду көрүп, жаңы станциянын иштөө режими менен таанышуу учурунда ушул жылдын 1-октябрына чейин кышка карата даярдыктарды аяктоону тапшырды. Эгерде белгиленген убакытка чейин тапшырма аткарылбаса, энергокомпаниялардын жетекчилери жеке жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Мындан сырткары Мухаммедкалый Абылгазиев ар бир компания электр-техникалык жабдууларга, трансформаторлорго жана кабелдерге муктаж экенин белгиледи.

Муну менен бирге премьер-министр дыйкандар менен жолугушуп, Бишкек-Ош унаа жолунун тилкесинен кабар алган. Жумушчу сапардын алкагында өкмөт башчы Бишкек-Ош унаа жолунун Кара-Балта-Суусамыр тилкесин реабилитацилоонун жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы жасалган иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана бардык иштерди белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.

Ошондой эле Кара-Көл шаарындагы оорукананын медициналык кызматкерлери үчүн салынып, учурда куруу иштери токтоп турган турак үйдүн абалы менен таанышты. Медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын маянасын жогорулатуу үчүн зарыл каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынганын айтып, медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысын көтөрүү пландалып жатканын ырастады.

Мындан сырткары өкмөт башчы Таш-Көмүр шаарындагы кремний затын кайра иштетүүчү "Кварц компани" компаниясынын ишмердиги менен таанышып, Кара-Көл шаарындагы "Эфтар Агрокомплекс" балык чарбасына да барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: