super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-АВГУСТ: Мустафа Кемаль түрктөрдүн көп аял алуусуна тыюу салган күн

 

Түрк бийлигинин башына Мустафа Кемаль Ататүрк келгенден кийин 1924-жылы 5-августта көп аял алууга тыюу салынган. Ал учурда Түркияда көп аял алгандар болгону 2 пайызды гана түзгөн. Бирок анын бул аракеттери көп аял алууну токтото алган эмес. Мындан улам никесиз туулган балдарды аныктоо боюнча түрк бийлиги кошумча мыйзам кабыл алууга аргасыз болгон.

Көп аялдуулук адамзат коомунда көп талкууланган, талаш-тартыштарга себеп болгон бүтпөс тема катары байыркы империялардын да тарыхында кызыктуу фактылар менен кездешет. Маселен, көп аялдуулукка байыркы Грецияда согуштан кийин уруксат берилген. Анткени эл согуш учурунда кырылып, калктын саны кескин азайып кеткендиктен аны толуктоо маселеси каралган. Адамдардын саны белгиленген чекке жеткенден кийин көп аял алууга кайрадан чектөө коюлган.

Ал эми байыркы Римде көп аялдуулукка уруксат берилген эмес. Ага карабастан жарандык никеге туруп жашагандар арбын болгон.

Айрым маалыматтарда көп аялдуулук байыркы еврейлерден, Корея жана Кытайдан, ошондой эле Африка, Америкадан тараганы айтылат.

5-августка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: