super.kg logo

Ысык-Көлдө ИИМдин кызматкерлери менен санаторийдин куткаруучусу айтышты

 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинин куткаруучусу менен ИИМдин кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик орун алган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн атайын тапшырмасы менен ИИМдин, ӨКМнын, Экологиялык жана техникалык инспекциянын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия сууга чөгүп кетүүнү алдын алуу максатында Ысык-Көл жергесинде рейд жүргүзүүдө. Анын алкагында бардык пансионаттардагы көлгө чөккөндөрдү куткарууга болгон даярдыктар текшерилип жаткан. Кечээ, 4-августта Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлар текшерилген.

"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинин аймагын текшерүү учурунда бир нече кемчиликтер орун алды. Тактап айтканда, эч кандай белгилер орнотулбаган жана куткаруучулар техникалык жактан дагы камсыз болгон эмес. Атайын комиссиянын өкүлдөрү куткаруучунун формасы жок экенин, кайыгы көл жээгинен бир нече метр алыстыкта экенин жана башка кемчиликтерин айтканда, нөөмөттө турган куткаруучу кайым айтыша кеткен. Куткаруучу "Даярдыгы жок деп жазсаң, жаза бер. Жеке өзүм 7 кишини куткаргам. Баргыла, чөгүп жаткан жерлерге барып даярдыгы жок экенин айткыла. Менде баары жайында" деген. Кайым айтышуудан кийин эс алуучу жайдын жетекчисинин орун басары келип, бардык кемчиликтерди жоёрун билдирген", - дейт басма сөз кызматы.

Ошондой эле аталган жайдын куткаруучулары колдонгон кайык каттоодон өткөн эместиги аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
05.08.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жоёрун билдирбей эле жаап салсанар болот го тим эле эл козуно текшерип койушат
Jango түзөттү 2018-08-05 15:05:17
05.08.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштен ыргыта койуш керек эле куткаруучуну керкендетпей адам олуп жатат ушуга окшогондордун айынан
05.08.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде милиция кызматкерлерди эчким тоготпой калды тенме тен айтышып ал тургай погонун жулуп мушташышат нарушение кылдыбы дубинка менен жоон санга сийдире чапкыла карап отурасынарбы айтышып созго тушунбогон немелер менен
05.08.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милициянын баркы байпагына тушту...тообо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: