Белгилүү актёр Стивен Сигал Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин гуманитардык байланыш бөлүмүнүн атайын өкүлү болуп дайындалды
Америкалык белгилүү актёр Стивен Сигал Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин орус-америкалык гуманитардык байланыш бөлүмүнүн атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Стивен Сигалдын башкы милдети - Орусия менен АКШнын гуманитардык чөйрөсүндөгү мамилелерди жакшыртуу", - деп жазылат маалыматта. Ошондой эле актёр коомдук-саясий кызматты дагы аркалап, бирок ал үчүн айлык акы албай турганын министрликтен билдиришкен. Ал эми актёр эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу үчүн бардык күчүн жумшап, аракет кыларын айткан.
Стивен Сигал 2016-жылы Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путиндин жарлыгы менен аталган өлкөнүн жарандыгын алган. Учурда актёрдо АКШ, Орусия жана Сербиянын жарандыгы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.