super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путинге Красноярск крайында Ми-8 тик учагы кулап, 18 адам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Жээнбеков Путинге жиберген телеграммасында каза болгондордун жакындарына көңүл айтуусун жеткирип коюуну өтүнгөн.

"Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп белгиленет мамлекет башчынын телеграммасында.

Ми-8 тик учагы 4-август күнү жанында учуп бараткан башка тик учактын жүк көтөргүчү менен кагышып кырсыкка кабылган. Натыйжада 18 адамдын өмүрү кыйылган. Факты боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, кырсыктын келип чыгуу себептери тергелип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(2)
06.08.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оной эле иликтеп коюшат а бизде Дача Суну тынчытып коюшту го тез эле коз жуумп коюшат
06.08.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дача Суудагы окуя иликтенип бул боюнча билдируу таратылган. Эми Россиядагы окуя аркылуу президенттибизд жаман корсотууну коздогон эки жуздуу адамдар ар нерсени суйлоп жатат. Алар олкодо тынчтык болушун калабаган чагымчылар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: