super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Польшанын вице-премьер-министри менен жолугушту

 
Биринчи-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨУ) Варшава шаарында өткөн конференциясынын алкагында Польшанын вице-премьер-министри Януш Пехочиньский менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 28-июнда билдирди. Жолугушууда Жоомарт Оторбаев Польшанын  инвестиция чөйрөсүндө Кыргызстандын жигердүү өнөктөшү болуп калышы үчүн бардык шарттар бар экендигин белгиледи. Ошондой эле биринчи-вице-премьер-министр Кыргызстан Польшанын динамикалуу өнүгүп жаткан Кытай рыногуна чыгышы үчүн көпүрө болуп бере аларын айтты. Ага жооп кылып, Януш Пехочиньский кесиптешинин пикирин колдоду жана айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү, туризм тармактарын, муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик жеке менчик кызматташтыкты өнүктүрүүнү, ошондой эле экологиялык таза азык-түлүктөрдү өндүрүүнү жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү ишин келечектүү багыттар катары белгиледи.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: