super.kg logo

Азиз Суракматовдун Бишкектин мэри болуусуна каршы кол чогултулуп, атайын жасалган "каракчылар" өрттөлөт

 

Жарандык активисттер Азиз Суракматовдун Бишкек шаарынын мэри болуусуна татыксыз экенин айтышууда. Мындан улам алар бүгүн, 6-август күнү нааразычылык акциясын уюштурууда.

Активисттер КСДП партиясы буга чейин Бишкек шаарынын мэрлигине алып келген Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовго кылмыш иши козголгонун, бүгүн дагы бир талапкерин сунуштап жатканын белгилешти. Акцияга атайын жасалган "каракчыларды" алып келишти.

"Биз каршылык билдирип "каракчыларды" өрттөмөкпүз, бирок Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына элдин үнүн угууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Өрттөө деген кыргызда жаман белги, үмүттүн өлгөнүн билдирет. Азиз Суракматовду бир ууч эле адам мэрликке алып келип жатканы туура эмес. Биринчиден, Суракматовдун талапкерлигин алып келүүдө Тил комиссиясы кыргыз тилин мазактоого жол берди. Экинчиден, шаардык кеңештин төрагасы менен депутаттарынын кесиптик жоопкерчилиги, уяты деген чоң маселе турат. Биз Суракматовдун Бишкек мэрлигине келишине каршы кол чогултабыз", - деди уюштуруучулардын бири журналист Канышай Мамыркулова.

Азиз Суракматов - Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер. Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.






Жарандык активисттер мэр шайлоого каршы митингге чыгышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
06.08.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нариман Тулеевди мер кылыш керек. Шаарды ушул Адам онуктуро алат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: