super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы менен "Таза коом", "Коопсуз шаар" жана башка долбоорлор тууралуу сүйлөштү

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, жолугушууда өлкөнүн экономикалык абалы жана жарандардын турмушун жакшыртуу маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады. Ал ошондой эле Кыргыз мамлекетин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду. Мындан тышкары ал Абылгазиевге өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуш кылды.

"Жаңы демилгелер дайым алдын ала түшүндүрүү иштерин талап кылат. Анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толугу менен кабардар болушу керек", - деп белгиледи мамлекет башчы.

Абылгазиев өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, "Коопсуз шаар", "Түндүк" системинин негизинде электрондук башкаруу долбоорлору жана "Таза коом" санарип программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына ылайык, мекемелер аралык жумушчу топ аркылуу "Коопсуз шаар" долбооруна карата техникалык-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлору иштелип чыкты. Анын алкагында республиканын 38 кесилиш жолдору, 52 стационардык чектери эрежени бузгандарды каттаган камералар менен жабдылып, 20 мобилдик аппараттык жана программалык камсыздоо системдери менен камсыздалат.

Ошондой эле Абылгазиев электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш программа алкагында ишке ашырыла турган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекиткенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга маалыматтык киоск", "Бала бакчаларга Е-кезекке туруу", "Гибриддик почта" сыяктуу 7 долбоор ишке ашырылды. 10 долбоор ишке ашырылууда, дагы 16 долбоор пландаштырылган", - деп маалымдады Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: