super.kg logo

Мэрликке талапкер Азиз Суракматов: "Бир бак кыйылса, ордуна көп жаңы бак тигүүбүз зарыл"

 

Бүгүн, 6-августта Бишкектин мэрлигине талапкер Азиз Суракматов жана шаардык кеңештин депутаттары калаа тургундары менен жолугушту. Жолугушууда шаар тургундары шаарды жашылдандыруу, жаңы объектилерди, эс алуу жайларын куруу боюнча өз сунуштарын беришти. Алардын сунушунан кийин Азиз Суракматов өз оюн билдирди.

"Бул жерге шаар көйгөйүн түшүнгөн, билген адамдар чогулуптур. Сиздер айтып жаткан маселелерди мен өзүмө жазып калдым, шаарды өнүктүрүү программасына киргизем. Биздин команда муну ишке ашыруу аракетин көрөт. Шаар тургундары нааразы болуп жаткан аз орундуу маршруттук таксилер боюнча маселени чечишибиз керек. Биз бул боюнча ыңгайлуу жагын карап, жакынкы арада чечебиз.

Экология боюнча айтсам, бүгүн бул боюнча көп пикир айтылды. Чынында өтө көп бак кыйылды. Айрымдары жолду кеңейтүү максатында, айрымдары шамал болуп адамдардын, унаалардын үстүнө кулап калуу коркунучунан улам алынган. Муну кантсе да биз өтө катуу көзөмөлгө алышыбыз керек. Бирөөнү кыйсак, анын ордуна көп жаңы бак тигүүбүз зарыл", - деди Сруакматов.

Азиз Суракматов - Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер. Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

Жыйынга Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык кеңештин айрым депутаттары жана 10го жакын шаар тургундары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.08.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы туура, Ошто гүлдөр аябай соонун остурулуптур
06.08.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечиресиздер бул жакка жазып жатканыма,урматтуу админ,соцтармактарда Роза Аманова Жогорку Медициналык окуу жайдын ректору болгону чон талкууга тушуп жатат.Ошол маалыматты тактап бересиздерби?Элдин айтканы боюнча эже озунун ыр-куусу менен болочок врачтарды дарылайбы деп нааразы болушууда..
07.08.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surgeon777, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: