super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчусу Канат Келсинбеков Норвегияда өткөн экстремалдуу триатлон боюнча мелдеште "NORSEMAN Black" наамына ээ болду

 

Кыргыз спортчусу Канат Келсинбеков Норвегияда өткөн экстремалдуу триатлон боюнча мелдешке катышып, Орто Азия аймагынан алгачкылардан болуп "NORSEMAN Black" наамына ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын триатлон федерациясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, "Norseman Triathlon" мелдешине 400 спортчу катышты. Алар 3 чакырым 800 метр аралыкта муздак сууда сүзүп, 180 чакырым велосипедчен жана 42 чакырым аралыкты чуркап өтүштү. 400 спортчунун арасынан 160 атлет "NORSEMAN Black" наамына ээ болуп, кара түстөгү футболкаларга ээ болушса, калгандары ак футболкаларды кийишти.

Канат Келсинбеков 136-болуп финишке жетти, ал финалдык баскычка 15 саат 35 мүнөт жана 47 секундада жетти. Муну менен Канат Келсинбеков Кыргыз өлкөсүнөн жана Орто Азия аймагынан "NORSEMAN Black" наамына ээ болгон алгачкы спортчу болду.

"Norseman Triathlon" мелдешинен сүрөттөр






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: