super.kg logo
  Саясат  

Депутат Айсулуу Мамашова: "Салык жогорулаган сайын көмүскө экономика да жогорулап кете берет"

 

Өкмөт сатуудан алынуучу салыкты 5 эсеге чейин көтөрүүнү карап жатат. SUPER.KG порталынын "Бул демилге элге пайдалуубу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жооп берди.

Мамашованын айтымында, бул демилгени парламенттин тармактык комитети колдоого албашы керек.

"Сатуудан түшкөн салыкты 2 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу демилгеси Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети аркылуу өтөт. Менимче, бул демилге өнүгүү алып келбейт. Салыкты жогорулатуу туура эмес, ишкерлерге оор болуп калат. Салык жогорулаган сайын көмүскө экономика да жогорулап кете берет. Демилгечилер муну кандай ой менен жасап жатканына таң калдым. Биз, тармактык комитеттин депутаттары бул демилгени колдобошубуз керек. Банктар үчүн соода жайларына терминалдарын орнотуу бекер. Парламент ушундай шарт түзүп берген. Сатуудан түшкөн салыкты көбөйтүү электрондук эмес түрдө соода жүргүзүүчүлөргө карата жасалып жатыптыр. Бизде электрондук акча менен соода кылууга шарттар толук түзүлгөн эмес. Учурда маянаны да көпчүлүк жарандар карта аркылуу алышпайт. Маянанын 25 пайызы Социалдык фондго берилет. Мына, маселе ушул жерде жатат. Социалдык фондго берилчү каражаттын пайызын азайтуу менен гана көмүскө экономика төмөндөйт. Салыкты жогорулатууну демилгелеп жаткан Экономика министрлигиндеги ага-эжелерибиз ишкерлик менен алектенип көрүшкөн эмес. Салыкты жогорулатып коюу оңой, бирок ал элге, мамлекетке пайда алып келиши керек", - деди Мамашова.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдива, Акылбек Жапаров, Марлен Маматалиев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жана Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: