super.kg logo

Караколдогу медициналык окуу жайдын бычакталып каза болгон директорунун үйү өрттөлдү

 

Караколдо медициналык окуу жайдын бычакталып каза болгон директору Анарбүбү Апсалиеванын үйү өрттөлдү. Мындай маалыматты бүгүн, 6-августта маркумдун сиңдиси Айсулуу Апсалиева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, өрт 6-августка караган түнү болжол менен саат 03:00 чамасында чыккан.

"Мен кечээ эле ал үйгө барып эки жагын карап коюп кеткем. Түндө кошуналар үй өрттөнүп жатат деп телефон чалышты. Биз Каракол шаарынын четиндеги айылда жашагандыктан, бизден мурун өрт өчүрүүчүлөр келип калышыптыр. Кошуналар үйдү өрттөгөнү келген адамдарды көрүшкөн экен. Алар үйдүн балконунан кирип терезени сындырып жатышканын көрүп, аларды качырып жибербейли деп милиция кызматын чакыртышкан экен. Бирок 5 мүнөткө жетпеген убакытта үйдүн ичинде катуу жардыруу болуптур. Үй жараксыз абалда болуп калды. Мындан он күн мурун да жогорудагы убакта үйгө кимдир-бирөөлөр киришкенин кошуналар көрүп калышып, алар качып кетишкен. Анда да үйгө бензин чачып, үйдү өрттөө аракеттин көрүшкөн.

Муну ким кылганын билбей жатабыз. Эми аларды тергөө иштери аныктайт. Эжемдин өлүмүнөн кийин биз дагы коркуу менен жашап жатабыз. Ал эми эжемдин кызы учурда окууну аяктап, жогорку окуу жайга тапшырды", - деди маркумдун сиңдиси.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиева өз үйүндө өлүү табылган. Анын өлүмүнө шектелип ошол эле окуу жайдын эсепчиси Р.М. аттуу 40 жаштагы аял кармалганын облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.

2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту соттолуучу Р.М.ны 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде тагылган айыптан актап, ага карата башка иштер боюнча өкүмдөрдү чыгарган. Тактап айтканда, Р.М. медициналык окуу жайдын эсепчиси болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин бюджетине тийиштүү акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алгандыгы аныкталган. Ал эми 2-февралда Ысык-Көл облустук соту Каракол шаарындагы медициналык колледждин директорунун өлүмү боюнча ишти карап, ага ылайык, Каракол шаардык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, айыпталуучу 40 жаштагы Р.М. аттуу аял Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
06.08.2018. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тооба эй ушунчалык адамдар эмнеге бири бирибизге жамандык коп кылып жатабыз .Аллах карап коруп турат .
07.08.2018. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жаңылык окубай калдык го
07.08.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул айбанчылык
07.08.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каза болгон директордун
07.08.2018. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Flowhive, провокция жарата турган билдирүү калтырууга тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
07.08.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurbey, такталбаган маалыматты калтырууга тыюу салынган. Тилекке каршы билдирүүңүз өчүрүлдү.
07.08.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар кыргызды кырып жок кылып кытайларды алып келгиле
07.08.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адилетсиздиктин жеткен чеги,адам өлтүрсө да акталса кандай мамлекетте жашап жатабыз?
08.08.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurbey, ушул порталга курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынган. Билдирүү өчүрүлдү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: