super.kg logo

БШК укук коргоочунун Бишкектин мэрин шайлоону токтотуу боюнча кайрылуусун кабыл алган жок

 

Бүгүн, 6-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек мэрин шайлоону жокко чыгаруу тууралуу "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Өмүралиеванын кайрылуусун кабыл алган жок.

БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиев шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу демилгеси негизсиз деп эсептейт.

"Өмүралиеванын кайрылуусун жумушчу топ менен биринчи карап отурумга алып чыктык. Мыйзам боюнча бир талапкер болсо да шайлоо өтөт. Мыйзамда буга тыюу салынган эмес. Ал эми кызыкчылыктардын кагылышы боюнча биз билбейбиз, аны шайлоо бүткөн соң мэрди шайлап жаткан депутаттар чечип алат", - деди Асаналиев.

Ал эми Калича Өмүралиева өзүнүн кайрылуусун БШК негизсиз четке какты деп сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

"Биздин кайрылуу бардык жагынан кынтыксыз болчу, бирок кызыкчылыктардын кагылышы боюнча деп кайрылууну четке кагып койду. Атыр Абдрахматова бул маселени кайра кароо боюнча добушка коюуну суранды. Бирок төрайым добушка койгон жок. Мен эми кайрылуум негизсиз четке кагылганы үчүн сотко кайрылам", - деди Өмүралиева.

26-июлда Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөткөн. Шаардык кеңештеги "Республика-Ата Журт" оппозициялык фракциясы, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер сунуштабай турганын билдирген.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: