super.kg logo

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине карата ок чыгаргандар кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында сүйлөшүүгө келген 2 баланын колунда курал болгон. Алар патрулдук милиция кызматынын унаасын көрүп, аларга карата ок чыгарган. Мындай маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Кечээ, 6-августта кечки саат 23:20 чамасында облустук ички иштер бөлүмүнө Балыкчы шаарындагы көчөлөрдүн биринде балдар топтолуп, ок чыгаргандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу жерине барганда 4-5 баланы көргөн. Алардын экөөсүнүн колунда курал болгон. Тергөөчү топ жигиттерди көздөй бет алганда, алардын бири милиция кызматкерлеринин унаасына карай ок чыгарган. Мыйзамдын негизине ылайык, милиция кызматкерлери табелдик курал менен ок чыгарып, балдарга өз эрки менен куралды жерге таштоосун айткан. Бирок балдар мындай талаптарды аткаруудан баш тартып, качып кетүүгө аракет кылышкан. Иликтөө иштеринин натыйжасында Тоң районунун Шор-Булак айылынын 20 жаштагы Д.А. аттуу тургуну жана Балыкчы шаарынын 20 жаштагы Б.У. аттуу жашоочусу кармалган. Кармалган учурда алардын жанынан ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү 2 курал жана 3 ок табылган. Кармалгандар өз көрсөтмөсүндө мурун алардын бир таанышын урушуп жаткан тараптын балдары сабап койгон, мындан улам ошол окуяны териштирүү үчүн барганын айткан. Ошондой эле балдар куралды үйүнөн алып чыккандыгын билдиришкен. Бирок куралдар Балыкчы шаардык ички иштер органында каттоодон өткөн эмес. Учурда аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - дейт басма сөз кызматы.

Ошондой эле окуяга катыштыгы бар мүчөлөрдү издөө иштери улантылып жатканын кошумчалады маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.08.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кочодо кенири курал менен атып журотго булар. Жаш эле балдар экен. Дагын деле келип келип ата-эне байкуштарга эле кыйын, буларды чыгарам деп канча нерви, канча акчалары кетет эми. Бейбаштар десе.
07.08.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beybawtyk emes terrorist dep iw kozgow kerek ele. milisiyaga ok chygarsa anda bul terrorist emey emne
08.08.2018. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар милицияга ок чыгарса жөнөкөй карапайым адамдарды жөн эле атып кетишетго?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: