super.kg logo

Сокулукта ооруканада жатып дайынсыз болгон Жоомарт Курамаевдин туугандары: "3 күндөн кийин таптык, кийимдерин чечип кетишиптир"

 

Сокулукта ооруканада дарыланып жаткан бейтап Жоомарт Курамаевдин дайынсыз болуп жатканын буга чейин жакындары SUPER.KG порталына маалымдап, аны табууга коомчулуктан жардам сурай турганын билдиришкен.

Билдирүүгө ылайык, Курамаевдин ооруканада жок экенин айтып дарыгерлер 1-августта анын уулуна чалышкан. Бүгүн, 7-августта бейтаптын жакындары анын аман-эсен табылганын порталга кабарлашты.

"Жоголгондон 3 күндөн кийин кайнимди күйөөм Беловодск айылы жактан таап келди. Биз ооруканага жаткырарда жаңы кийимдерди алып берип, ошол кийим менен жүргөн болчу. Табылган учурда үстүндө эски, жаман кийим экен. Кийимдерин чечип алышыптыр. Өзүнүн айтымында, ал ооруканадан чыгып турса бейтааныш адамдар унаага салып кетишиптир, мал багылган сарайга алып барып уй да саадырышыптыр. Келип "колум ооруп жатат, башка эч нерсени эстей албайм" деп койду.

Кайнимдин талма оорусу бар, ошондон улам Сокулук райондук ооруканасынын неврология бөлүмүнө жаткырганбыз. Акыл-эси баары жайында, өзү уста. Кантип мындай болуп калды, түшүнбөй жатабыз же дарылануу терс таасир тийгиздиби деген да ойлор келип жатат", - деди Курамаевдин жеңеси.

Ал белгилегендей, бейтап Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну, төрт баланын атасы.

"Кайним табылгандан кийин дароо эле Кочкорго кетем деди. Биз издөө учурунда милицияга арыз жазганбыз. Бирок кайним ким алып кеткенин, эмне болгонун териштирүүгө арыз жазууну каалаган жок. Биз да кыйнаган жокпуз. Аман-эсен табылганына кубанып, Кочкорго жөнөттүк. Азыр абалы жакшы, үй-бүлөсү менен", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.08.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: