super.kg logo

Өзбекстандын Ички иштер министрлигиндеги жетекчини иш бөлмөсүнөн өлтүргөн адам өз өмүрүн кыйды

 

"Азаттыктын" Өзбекстандагы кызматы Ички иштер министрлигинин Патрулдук жана коомдук тартип башкармалыгынын башчысы Дилшод Акрамовду өлтүргөн адам өз өмүрүнө кол салганын жазды. Маалыматта жазылгандай, аталган басылмага билдирүү ИИМдин жогорку кызматтагы адамынан, анонимдүү негизде келип түшкөн.

Буга чейин Дилшод Акрамовдун жансыз денеси 4-августта өзүнүн иш бөлмөсүнөн табылганы маалымдалган.

"Чиновникти өлтүргөн адам кылмыш жасалгандан көп өтпөй эле атайын жүргүзүлгөн операция учурунда кармалган. Акрамов өзүнүн алдында иштеген адам тарабынан бычакталып каза болгон. Жетекчи менен аны өлтүргөн кызматкердин ортосундагы чыр алардын жеке пикир келишпестиктеринен улам чыккан", - деп маалымат жеке булакка таянуу менен жазылган.

Ошондой эле маркумдун тууганы аны өлтүргөн кызматкер Акрамовдун шакирти болгонун билдирген.

"Кызматкер жетекчисинин иш бөлмөсүнө кирип, адегенде ага кислота чачкан, андан кийин денесинин бир нече жерине бычак сайган. Жаңжал учурунда аны өлтүргөн адам өзү да денесинен жаракаттарды алган. Өзүн-өзү коргоо максатында Дилшод Акрамов каршылашына 2-3 жолу бычак сайган. Кылмышкер аны өлтүрүп качып кетип бараткан жеринен күзөт кызматына колго түшкөн. Аны ооруканага жеткирип, жаткырышкандан кийин өзү терезеден боюн таштап жибериптир", - деген жетекчинин тууганы.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин Патрулдук жана коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Дилшод Акрамов ушул жылдын июль айында гана кызматка дайындалган. Бул боюнча "адамды атайылап мыкаачылык менен өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: