super.kg logo
  Спорт  

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Жайкы Азия оюндарына Ысык-Көлдө машыгуу жүргүзүүдө

 

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Индонезияда өтүүчү Жайкы Азия оюндарына даярданууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы билдирди.

18-август - 2-сентябрь аралыгында өтүүчү Жайкы Азия оюндарына даярдануу максатында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Анда башкы машыктыруучу Азат Эркимбеков жыйынга 22 балбанды чакырган. Алардын арасында өлкөбүздүн атактуу балбандары бар. Жыйындар 15-августка чейин созулат.

Айта кетсек, Жайкы Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште балбандар 6 салмактык категорияда күч сынашат. Алар 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 килограммга чейинки салмактык чендер.

Окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган балбандар:

  • 55 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Балбай Додоков - спорт чебери;
    • Жоламан Шаршенбеков - спорт чебери;
  • 60 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Калы Сулайманов - эл аралык даражадагы спорт чебери;
    • Каныбек Жолчубеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
    • Марлен Асыкеев - спорт чебери;
    • Нуртазин Керимберди уулу - спорт чебери;
  • 63 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Урмат Аматов - спорт чебери;
    • Сүймөн Икромов - спорт чебери;
  • 67 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Амантур Исмаилов - спорт чебери;
    • Нургазы Асангулов - спорт чебери;
    • Нуржигит Кенешбек уулу - спорт чебери;
    • Бекназар Бактыбек уулу - спорт чеберине талапкер;
  • 72 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Жанат Кыйлыбаев - спорт чебери;
    • Акжол Махмудов - эл аралык даражадагы спорт чебери;
  • 77 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Кайрат Түгөлбаев - спорт чебери;
  • 82 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Атабек Азисбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
  • 87 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Самат Шырдаков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
    • Абдулазиз Ашымбеков - спорт чебери;
  • 97 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Үзүр Жусупбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
    • Бексултан Махмудов - спорт чебери;
  • 130 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Ким Роман - спорт чебери;
    • Мурат Рамонов - эл аралык даражадагы спорт чебери;
  • Ага машыктыруучу: Улукбек Карачолоков;
  • Башкы машыктыруучу: Азат Эркимбеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: