super.kg logo

Асмандагы адреналин. Бишкектин тургундары параплан менен учуп көңүл ачууда

 

Дүйнө жүзүндө экстремалдуу спорт түрлөрүнүн өнүгүп жатышы Кыргыз өлкөсүнө да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Жаштардын көпчүлүгү бош убактысын спорттун ушул экстремалдуу түрлөрүн өздөштүрүүгө арнап, ар кандай эл аралык мелдештерге катышып келгендер да аз эмес.

Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган адамдын организминде адреналин бөлүнүп чыгат. Эгерде адам өз каалоосу менен тобокелчиликке барып жаткан болсо аталган зат адамга болуп көрбөгөндөй сезимдерди тартуулайт. Балким, сиз дал ушул сезимди татууну эңсеп, ичиңизде топтолгон терс эмоциялардан арылууну каалап жаткан болсоңуз, мындай мүмкүнчүлүк Бишкек шаарынын четинде бар.

Эгерде сиз асманда калкып айланага көз чаптырууну каалап жаткан болсоңуз, анда сиз параплан менен учканыңыз оң. Параплан менен учуруу кызматы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жайгашкан. Анда атайын даярдыктан өткөн адистер кызмат көрсөтүшөт. Учууну каалаган адам жалгыз учпастан коопсуздук үчүн атайын адис менен учат.

Даярдыктан өткөн адам парапландын багытын шамалга жараша өзгөртүп коопсуз жерге кондурат. Кызмат баасы 800 сомдон 1 миң 500 сомго чейин, бул акчанын ичине маршруттук унаа менен барып келүү (трансфер) дагы кирет. Учуунун убактысы 5-7 мүнөткө созулат, ал болуп жаткан шамалдын ылдамдыгынан көз каранды. Парапланда учуу үчүн атайын деле талаптар жок, эң негизгиси адамдын ден соолугуна байланыштуу өтө олуттуу маселелер болбоосу шарт. Эгерде учууну кааласаңыз өзүңүздүн коопсуздугуңуз жана ыңгайлуулук үчүн спорттук кийим кийип барганыңыз оң.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
07.08.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кымбатко 7 мунот болсо
07.08.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учат болчумун
07.08.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаардын устунон учуп откудой болсо
08.08.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TalaCSKA,
Антеналарга илинип калып жүрбө
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: