super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри шайланат

 

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын мэри шайланат. Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөткөн. Шаардык кеңештеги оппозициялык фракция "Республика-Ата Журт", өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер сунуштабай турганын билдирген.

Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.

Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.

Суракматовдун өмүр баяны

Азиз Суракматов 1971-жылы 22-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Ал 1994-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн.

1996-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистиги боюнча билим алган.

1994-1995-жылдары - “Шоола” ишканасынын өндүрүш мастери;

1995-1996-жылдары - “Кыргызпотребсоюз” Бишкек ПМКсында өндүрүш мастери;

1996-1999-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында инженер;

1999-2000-жылдары - “Консалтингдик-эксперттик фирма” ЖЧКсынын директору;

2000-2002-жылдары - Бишкек шаарынын мэриясында башкы адис;

2002-2008-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында башкы архитектордун орун басары;

2008-жылдын ичинде - Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы;

2008-2010-жылдары - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;

2010-жылы - “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: