super.kg logo
  Саясат  

"Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов: "Шаардык кеңеш таратылышы керек"

 

Бишкектин мэрлерине карата кылмыш ишинин козголушу салтка айланды. SUPER.KG порталынын "Аларды шайлаган шаардык кеңеш таратылышы керекпи?" деген соболуна "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жооп берди.

Ал билдиргендей, Бишкектин мэрин шайлоодо эң чоң жоопкерчилик шаардык кеңештин депутаттарында.

"Мэрди шайлап, ага бата беришип, анан кайра аны кетирип жоопкерчиликтен кутула берген туура эмес. Конституция боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары менен шаардык кеңештин депутаттарынын милдеттери, жоопкерчилиги, укуктары дагы бирдей. Өкмөттү Жогорку Кеңеш кандай кетирсе, мэрди дагы шаардык кеңеш ошондой кетирип жатат. Шайлоо алдында партиялар эл алдына убадаларын берип, программаларын алып чыгышат. Алар коомдук транспорт, жол, ыңгайлуу шарттар, бюджетти көтөрүү боюнча көп маселени козгошот. Бирок бирин дагы аткарышпайт. Анткени шаардык кеңештин депутаттары аталган жана аталбай калган тармактарды тейлешет. Ошондуктан булардын жоопкерчилиги биринчи иретте каралышы керек. Шаардык кеңеш таркатылышы керек. Келечекте туура партиялар келиши зарыл. Эмне үчүн мэр камалса шаардык кеңештин бир дагы депутаты жооп бербеши керек? Мисалы, башка парламенттик систем орногон өлкөлөрдө кайсы бир партиялар өкмөт башчыны же мэрди шайлай турган болсо толугу менен жоопкерчиликти моюнуна алат. Алар мэр же өкмөт башчысы ишти аткара албай, кылмыш иш козголсо депутаттары мандаттарын тапшырат. Японияда болсо баш ийип кечирим сурашат. Биздикилер кечирим сурагандын ордуна суроо берсең, каяша айтышат. Сындасаң, сотко беришет", - деди Молдакматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев, экс-депутат Аида Салянова, саясат таануучу Марс Сариев, УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, юрист Нурбек Токтакуновдун пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: