super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев: "Шаардык кеңеш жоопкерчиликти моюнга алып, өздөрү чечим чыгарышы керек"

 

Бишкектин мэрлерине карата кылмыш ишинин козголушу салтка айланды. SUPER.KG порталынын "Аларды шайлаган шаардык кеңеш таратылышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев жооп берди.

Ал азыркы учурда мэрлер эле эмес, премьер-министрлер дагы камалып жатканына токтолду. "Азыркы учурда премьер-министрлер деле камалып жатпайбы. Эң биринчи кезекте мыйзамды сыйлаш керек. Мыйзамды баарыбыз сыйлабасак ушундай көрүнүштөр боло берет. Канча премьер-министр жоопкерчиликке тартылып жатат. Өкмөт кемчилик кетирсе парламенттин аброюна шек келтирет. Мэрлерге кылмыш иши козголсо шаардык кеңештин дагы аброюна шек келет. Шаардык кеңеш жоопкерчиликти моюнга алып, өздөрү чечим чыгарышы зарыл", - деди ал.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова, саясат таануучу Марс Сариев, УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов, юрист Нурбек Токтакуновдун пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: