super.kg logo
  Спорт  

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курамасы Жайкы Азия оюндарына Бишкек шаарында даярданууда

 

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Индонезияда өтүүчү Жайкы Азия оюндарына Бишкек шаарында даярданууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдирди.

18-август - 2-сентябрь аралыгында өтүүчү Жайкы Азия оюндарына даярдануу максатында эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Руслан Мажинов окуу-машыгуу жыйындарга 15 балбанды чакырган. Алар "Изабек" спорт комплексинде даярданууда. Жыйындарга чакырылгандардын арасында Азия чемпиону Муслим Евлоев бар. Окуу-машыгуу жыйындар 16-августка чейин уланат.

Окуу-машыгуу жыйындарга чакырылган балбандар:

  • 57 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Алибек Ташматов - спорт чебери;
    • Бекболот Мырзаназар уулу - спорт чебери;
    • Алмаз Сманбеков - спорт чебери;
  • 61 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Улукбек Жолдошбеков - эл аралык даражадагы спорт чебери;
    • Икромжон Хажимурадов - спорт чебери;
  • 65 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Алибек Осмонов - спорт чебери;
    • Эрназар Акматалиев - спорт чебери;
    • Нургазы Абдразаков - спорт чебери;
  • 74 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Муслим Евлоев - эл аралык даражадагы спорт чебери;
    • Нуртилек Карыпбаев - спорт чебери;
    • Адилет Анарбеков - спорт чебери;
  • 86 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Бактияр Карагул уулу - спорт чебери;
    • Динислам Таалайбек уулу - спорт чебери;
  • 97 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • Магомед Мусаев - эл аралык даражадагы спорт чебери;
    • Чыңгыз Керимкулов - спорт чебери;
  • Ага машыктыруучу: Сүймөнкул Таабалды уулу;
  • Башкы машыктыруучу: Руслан Мажинов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: