super.kg logo
  Саясат  

Юрист Нурбек Токтакунов: "Таза мэр келиши үчүн саясий атаандаштык болушу керек"

 

Бишкектин мэрлерине карата кылмыш ишинин козголушу салтка айланды. SUPER.KG порталынын "Аларды шайлаган шаардык кеңеш таратылышы керекпи?" деген соболуна юрист Нурбек Токтакунов жооп берди.

Анын айтымында, шаар мэрлерин шайлоо атаандашсыз өтүүдө, ошол себептен талапкерлердин кандай экени билинбей калып жатат. "Мыйзамда андай таратылыш керек деген нерсе жок. Таза мэр келиши үчүн саясий атаандаштык болушу керек. Ошол саясий атаандаштар мэрликке келерде өз атаандаштарынын мыйзамсыз аракеттерин ачып, коомчулукка маалымат тарамак. Азыр эч кандай саясий атаандаштык жок, оппозиция жок. Шаардык кеңеш бир эле тарапты карап баш ийип берүүдө. Бишкек - бай шаар, бул жерге ар бир президент өз адамын алып келет, мэрлик президенттин эле дайындоосу болуп жатат. Президент таза, көз карандысыз мэрди эч качан алып келбейт, себеби таза адам баш ийбей коюшу толук ыктымал. Ал эми Бишкекке таза, баш ийбеген мэр кызмат кыла турган болсо эл арасында чоң абройго ээ боло алмак. Ошол себептен президенттер мындай жолго барышпайт", - деди Токтакунов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев, экс-депутат Аида Салянова, саясат таануучу Марс Сариев, УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: