super.kg logo
  Саясат  

Юстиция министринин кызматтан кетишинин чыныгы себеби эмнеде?

 

Кызматка келгенине 4 ай болбой жатып кызматтан алынган мурдагы юстиция министри Айнур Абдылдаеванын кайсы кызматка барары азырынча белгисиз.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы Айнур Абдылдаеванын кызматтан алынышын башка кызматка которулгандыгы менен байланыштырышкан.

SUPER.KG порталы мурдагы министрдин кайсы кызматка которулганын тактоо үчүн өкмөттүн басма сөз кызматына байланышканда, алар бул тууралуу маалыматы жок экенин айтышып, сурообузга жооп бере алышпасын билдиришти.

Ал эми Юстиция министрлигинин атын атагысы келбеген кызматкери жетекчисинин кызматтан кеткени күтүүсүз болгонун айтты.

"Кызматка жакында эле дайындалган Айнур Абдылдаеванын кызматтан кетиши жалпы жамаат үчүн күтүүсүз болду. Анын кызматтан алынышына башка ишке которулгандыгы себеп болгону айтылууда. Бизде мындан башка маалымат жок. Ал эми анын 4 ай ичинде жасаган иштерине баа берүү кыйын. Анткени 4 айлык убакыт өтө эле аз. Ошентсе да ал министрликтин ишине өзгөртүүлөрдү киргизип, коррупцияга каршы иштерди жасап жаткан. Мындан сырткары мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга болгон аракетин көрүп келген. Ал азыр кайсы кызматка кеткени тууралуу бизде маалымат жок", - деди юстиция министринин кызматкери.

Айнур Абдылдаева ушул жылдын 13-апрелинде юстиция министри болуп дайындалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: