Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алган. Жабыркагандардын экөө Франциянын жарандары
Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында 4 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алган. Алардын экөөсү Франциянын жараны. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 7-августта саат 13:40 чамасында орун алган.
"Ананьево айылынын күн батыш тарабынан ВАЗ-2107 менен Honda Stepwgn унаалары сүзүшкөн. Алардын артынан келе жаткан Renault DUSTER менен Volkswagen Golf унаалары айланып өтөбүз деп жолдун жээгине чыгып кеткен. Натыйжада ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу 1982-жылы туулган И.С. жеринен каза болгон. Ал Ананьевонун тургуну болгон. Ал эми каза болгон айдоочунун жанында анын айылдашы 1981-жылы туулган О.З. аттуу жаран жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылган. Honda Stepwgn`дун ичинде 3 жүргүнчү болуп, алар жеңил жаракат алган. Кырсыкка кабылгандардын арасында Франциянын 2 жараны бар. Айдоочуларды текшергенде алкоголдук ичимдиктерди ичпегендиги аныкталган. Учурда аталган окуя боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды", - дейт маалымат катчы.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жол кырсыгынан жабыркагандардын экөөсү ооруканада дарыланып жатканын маалымдады. "5 жабырлануучунун экөөсү Франциянын жарандары. Алардын жамбаш сөөгү сынып Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Абалы оор. Ал эми 1 жабырлануучу Каракол шаарынын тургуну, экөөсү Балыкчы шаарынын жашоочулары. Алар ооруканага жатып дарылануудан баш тарткан", - дейт маалымат катчы.
Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы




1 |