"Шаардык кеңеш таркасын!" Жарандык активисттер мэриянын алдына митингге чыгышты






Бүгүн, 8-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Ага талапкер катары Азиз Суракматов гана көрсөтүлгөн. Анда шаардык кеңештин депутаттарынын добушу менен мэр шайланат. Буга байланыштуу жарандык активисттер мэриянын алдына чогулуп, шаардык кеңештин таркашын жана мэрди эл шайлоосу керектигин талап кылып жатышат.
Учурда мэриянын алдына жарандык коомдун өкүлдөрү чогула башташты. Алар "Шаардык кеңеш таркасын" деген жазууларды колдоруна кармап алышкан.
Шаар мэрин шайлоого каршы болуп келгендердин арасында экс-депутат Равшан Жээнбеков, активист Адил Турдукулов, Айбек Бузурманкулов, Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочу Калича Умуралиева, журналист Канышай Мамыркулова жана башка активисттер жана шаар тургундары бар.
Бишкекте жарандык активисттер мэриянын алдына митингге чыгышты
Бишкек шаарынын мэрин шайлоо учурунда активисттер митингге чыгышты
Автор: Наргиза Өмүрбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
5

Депутаттардын көпчүлүгү Азиз Суракматовду колдоп ишеним көрсөтүп жатыптыр менин пикиримде көпчүлүк жаңылышпаса керек. Шаардык кеңештин депутаттары көчөдө жүргөн бирөөнү эле сунуштап жаткан жокда. Иштеп көрсүн көрөлү .
Буларын коомчулуктун пикирин уруп ойнобой, Соке одобрить эткен бирин шашылыш шайламакчы болуп жатышат...
Дагы эл окулдору имиш...
Буга чейинки бардык коррупциялык иштерде бул депутаттардын "колу" бар.
Буларды тарка ып гана тим болбой, камаш керек баарын!!!