Мавлян Аскарбеков: "Буга чейин КСДП сунуштаган мэрлер камакта отурганына карабай, дагы жалгыз талапкерди сунуштап чыгышты"



Бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык кеңешинде шаар мэрин шайлоо өтүп жатат. Мэриянын имаратынын алдында жарандык активисттер мэрди шайлоого байланыштуу митинг өткөрүшүүдө. Алар шаардык кеңештин депутаттарынын тароосун талап кылышууда.
Активист Мавлян Аскарбеков "Буга чейин КСДП сунуштаган мэрлер камакта отурганына карабай, дагы жалгыз талапкерди сунуштап чыгышты" деди.
Өз позициябызды бийликке жеткиребиз деген активист "КСДП партиясы бешинчи ирет мэрди сунуштап, бекитип келишет. Алардын төртөөнө кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө эки-үчөө соттолуп камалып отурушат. Ошого карабай кайра эле КСДП партиясы дагы башка элге таанымал эмес, колдоосу жок адамды мэрликке сунуштап жатат. Биз демократиялык мамлекетте жашайбыз. Башка фракциялар да талапкерди сунуштап, атаандаштыктын негизинде татыктуу мэр келсе деген ой менен митингге чыктык. Шаардык кеңештин депутаттарына нааразыбыз. Алар коррупциялык иштерге аралашып жүргөнү үчүн булардын жоопко тартылышын талап кылып жатабыз. УКМК буларды билет. Биз эл алдына чыгып, чындыкты бийликке жеткиргенге аракет кылабыз. Бул депутаттар тарашы керек", - деди.
"Шаардык кеңештин депутаттары кетсин!" деген митингчилер шаардык кеңештин депутаттары менен милиция кызматкерлеринин унааларын салыштырып өтүштү.
"Шаардык кеңештин депутаттары кетсин!"

Активисттер кимдин заказын аткарган чакта да, элдин талабы менен активисттердин талабы бул жолу бирдей болуп чыкты...
Эл бут эле каршы... Же Соке экоондун колундан эмне келет элге каршы?!!