super.kg logo

Өлкөгө мыйзамсыз жол менен алынып келген дагы бир унаа кармалды

 

Өлкөгө мыйзамсыз жол менен алынып келген Mercedes-Benz GL500 үлгүсүндөгү унаа кармалды. Бул тууралуу SUPER.KGʹге Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалган унаа чет өлкөдөн Кыргыз мамлекетинин аймагына 2017-жылы алынып келип, жасалма документтер менен каттоого алынган.

“Кымбат баалуу унааларды ташып кирүү боюнча аныкталган коррупциялык схеманын алкагында тергелип жаткан кылмыш иши боюнча ыкчам изилдөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада Бишкек шаарында 2014-жылы чыгарылган, мурун камоого алынган Mercedes-Benz GL500 үлгүсүндөгү унаа табылды. Аталган унаа жасалма документтер менен Бишкек шаары боюнча Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде катталыптыр. Кылмыштын изин жашыруу максатында аталган унаа Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде бир нече ирет кайра катталганы аныкталды.

Азыркы тапта аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (контрабанда), (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

Учурда өлкөнүн бардык аймактарында ушундай фактыларды аныктоого багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Буга чейин ИИМ ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн уурдалган 45тен ашык унаа Кыргыз мамлекетинен табылганын кабарлаган. Анда уурдалган унаалардын ичинде Лексус, Тойота, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жол тандабастар бар экендиги жана 82 пайызынын VIN-сыр белгиси өзгөртүлгөнү айтылган. Ошондой эле унааларды уурдоо менен алектенген Орусия жана Кыргыз мамлекетинин жарандарынан турган кылмыштуу топ бар экендиги кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.08.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыйзамсыз жол менен алып келинген автомашиналарды, дегеле уурдалгандарды депутаттардан, мэриянын кызматкерлеринен кезиктирууго болот деп жазып чыгышпадыбы, эмнеге аларга чара корулбойт? Же бийликтин адамдарына боло береби? Ошолорду таап, эмнеге укук коргоо органдары ашкерелебейт?
altyn7776 түзөттү 2018-08-08 12:40:11
08.08.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
altyn7776,деги абайлачы чондорго соз айтсан тескеринче милиция прокуратура сени текшерип сот мойнуна илип соттолуп кетесин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: