super.kg logo

Эне: "Төрт жаштагы балам 7 килограмм салмакта, катуу эч нерсе жей албайт. Аны айыктырабыз деп жүргөндө күйөөм каза болуп калды"

 

Амантур төрт жашта болгону менен салмагы 1 жаштагы баланыкынан да аз. Анын салмак кошпогонуна чанда кездешчү илдет себеп болууда. Бала күн сайын ачкалыктын азабын тартып жатканын Амантурдун апасы Асел Султаналиева SUPER.KG порталына айтып берди.

Султаналиеванын айтымында, Амантур - анын эң кичүү уулу. Дарыгерлер ага кызыл өңгөчтөгү ахалазия (кызыл өңгөчтүн кичирейиши) деген диагноз коюшкан.

"Мындан башка дагы 2 балам бар, улуусу 13 жашта, кызым 3-класста окуйт. Ал эми Амантур төрөлгөндө эле дарыгерлер Даун синдромун аныкташкан. Бир жашка чыкканда эле эмчекти жакшы эмбей калды, эмсе да кусуп салып жатты. Даун синдрому менен төрөлгөндө бала ушундай кыйналат экен деп жүргөм. 2-3 жашында салмагы азайып, күчү, алы жок боло баштады. Ошондо Таластан Бишкекке келип №3-балдар ооруканасына жатсак, бул диагнозду коюшту. Анда дарыланганыбыз менен жардам берген жок.

Балам катуу эч нерсе жей албайт, жалаң буламык берем, бизде мындай оору менен ооругандарга бериле турган буламык, азыктар жок болгондуктан анын баарын Орусиядан буюртма менен алдырам.

Тамакты берүү - өзүнчө чоң түйшүк. Мисалы, эртең менен тамактандыруу үчүн эле 2 саат убакыт коротом. Анткени оозуна салсаң кайра чыгарып салат, берген тамагыңдын аз бөлүгү гана ашказанына жетет. Ошол себептен да баламдын такыр кубаты жок, дагы деле жөрмөлөй элек", - дейт Султаналиева.

Ошондой эле ал өткөн жылы ноябрда күйөөсү жол кырсыгына кабылып каза болуп калганын, андан кийин балдарын алып Таластан Бишкекке көчүп келгенин билдирди.

"Ооруган баламды карап, айыктырабыз деген үмүт менен жашап жатканда күйөөм каза болуп калды. Өлгөн адамдын артынан кете албайт экенсиң, кантсе да дарыгерлерге жакын болом деп Бишкекке келдим.

Амантурдун тамак-ашы, дары-дармегине күн сайын акча кетет. Баарына чыдайм, болгону баламдын кекиртегиндеги илдетти айыктырам деп Москвадагы балдар борборуна кайрылсак, мындай ооруга операция жасала турганын айтышты. Бизде жасалбайт экен.

Аз да болсо көңүлүм ачылып, коомчулукка кайрылып жардам сурап жатам. Операция үчүн 251 миң 800 рубль сурашкан. Боорукер адамдардан жардам болуп 100 миң сомдой каражат топтолду, тез арада дагы 150 миң сом чогултуш керек.

Себеби балам ачкалыктын да азабын тартат, организми күчтүүрөөк тамактарды талап кылганы менен, кекиртегинен өткөрө албайт да. Анын ыйлаганы - менин жүрөгүмдүн тилингени", - дейт эне.

Ал белгилегендей, Даун синдрому менен төрөлгөн балдардын дээрлик көбү бир оорудан жабыркайт. 90 пайызы жүрөк кемтиги менен төрөлөт.

"Жүрөк кемтиги менен төрөлгөндөргө операция жасалып, жакшы болуп кетишүүдө. Менин балама бул илдет берилиптир, аябай кыйналды. Акыл-эси жакшы, күндөн күнгө өсүп келе жатат. Абдан зирек, сезимтал, көңүлү ачылганда өөп-кучактап калат. Өзүнчө ойнойт, бир адамды жактырса дароо өөп билдирет" деген Султаналиева Москва балдар борборундагы дарыгерлер балага тез арада операция жасалыш керек экендигин айтып жатышканын кошумчалады.

Амантурга жардам берүүнү каалагандар үчүн Асел Султаналиева Канболотовнанын Элсом номери 0554 60-40-20, байланыш номери 0704 180 375. Орусияда атайын эсеп Абдураимова Шахида Абдыганыевнанын атына ачылган: 4817760043234396.


кошулду





Төрт жаштагы Амантур оорусунан улам буту баса элек, жардамга муктаж

Автор: Нуржанат Медетбекова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
08.08.2018. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллах шыпаасын берсин!
08.08.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шыпаасын Бере кор
08.08.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Журогун эзилетго байкуш бала десе((( Айыгып кетсин.
08.08.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу админ Орусиядагы номерине картадан салсак болобу?
09.08.2018. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,болотко деп ойлойум эрте менен которуп коромго
09.08.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa, ооба номер аркылууу которсонуз болот
08.08.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах шыпаасын берсин !Эне байкуш эзилет мындайда ,келгиле коп тупурсо кол болот дегендей жардам берели.Бир эле тойдо баланча долларлык койнок кийдим деп опкосун каккылагандар , ушундайда корсотпойсунорбу озунорду
08.08.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шыпаа тилеймин
08.08.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элсом кандай ошондо единица которсок болобу кудайъм шыпа берсин
09.08.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begim94,0704 180 375 вотс апп номерине жазып, байланышып алганыныз он
09.08.2018. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ед салсам болобу айтып койгулачы
09.08.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begim94, 0704 180 375 вотс апп номерине жазып, байланышып алганыныз он
09.08.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө деле чоң сумма эмес экен буйруса бат эле чогулуп калат . АЛЛАХ шыпаасын берсин дегеле кичинекей периште наристелер оорубасын. Россия жергесинде иштеген мекендештер жок дегенде 100р которсок дагы топтолот.
10.08.2018. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий байкушум. Аллах ден соолук берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: