super.kg logo

Роза Аманова ректор болуп дайындалган медициналык окуу жайдын мурунку жетекчиси пикирин айтты

 

Кыргыз Эл артисти Роза Аманованын медициналык окуу жайга ректор болуп дайындалышы боюнча аталган окуу жайдын мурдагы жетекчиси Жаркынбек Касымбеков SUPER.KG`ге өз пикирин билдирди.

"Акыркы учурда социалдык тармактарда Роза Аманованын жаңы кызмат орду боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Көпчүлүк атайын билими жок адамдын медициналык окуу жайга жетекчи болуп дайындалуусун сынга алышууда. Буга байланыштуу өз пикиримди билдирип коюуну туура көрдүм.

Биринчиден, Билим берүү жана илим министрлигинен айтышкандай бул окуу жай жеке менчик болгондугуна байланыштуу кимди ректорлукка дайындоону негиздөөчүлөр өздөрү чечет. Экинчиден, Роза Аманова бул окуу жай үчүн бөтөн киши эмес. Мен ректор болуп турган кезде ал киши кадрлар жана уюштуруу маселелери боюнча биринчи проректорлук кызматты аркалап келген. Роза Аманованы мен өз ишин мыкты аткарган менеджер, тажрыйбасы мол, окуу процессин жакшы билген лидер катары билем. Андыктан ал кишинин ректор болуп дайындалышына медициналык билиминин жок экени тоскоол болбойт деп ойлойм. Ректор көбүнчө уюштуруу, каржы маселелерин чечет, бул жагынан Роза Аманованын жетекчи болушу эффективдүү болду деп эсептейм.

Ал эми өзүм жөнүндө айтсам, аталган медициналык окуу жайга караштуу клиника ачылып, университетке клиникалык база түзүү үчүн ал жакка башкы дарыгер болуп которулдум", - деди Касымбеков өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, ырчы Роза Аманованын Эл аралык медицина университетине ректор болуп дайындалгандыгы тууралуу маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган. Көпчүлүк "Ырчы дарыгерлерди даярдаса, анда кыргыз медицинасынын келечеги кандай болот?" деген комментарийлерди калтырышкан. Бул тууралуу Роза Амановага байланышып, өз пикирин угуу мүмкүн болгон жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(19)
08.08.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мм кетип баратканда жамандайбай кеткин деп эмдеп койсон керек ээ. Ал деген ырчы да ботом...
08.08.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
"Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун"деген жакшы макал бар го.. ким билет эми.. Роза Аманова медуниверситетке Ректор болсо анда, Сабырбек Жумабековду Филармонияга директор кылып койгула. Башка эмне дейбиз.. "Оозу кыйшык болсо да Байдын катыны башкарсын" болгон го...мдаааа.
08.08.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Pchelka85,жардын го, боорумай боорум
08.08.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
asemanur, просто биринчи келген ойду жазып койдум)))
08.08.2018. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pchelka85, туура айттымго
08.08.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Роза менен суракматовду куттуктап коелу. Ишинерге ийгилик акжолтой жетекчи болгула.
08.08.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эмне дейт эле,академик семичка сатып калган замана, кыздан жигит уялып качып калган замана, эшектин баасы шумкардан ашып калган замана,дегендей замана ушундай болуп калды. Ийгилик башка соз жок
08.08.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
erkinali858585,кыргыз деми Гульзат болгон замана
08.08.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Самара бул жакта эле калыптырго.
08.08.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чын эле бардак заман болду го,мугалимдер базарчы,ким кааласа ырчы,ырчысы актер,актерлор(чыныгы) бекерчи,анча-мынча ырчы болумуштар мегажылдыз,кайбири колуна камера кармап кино тартып алган режиссер болуп,анысы да озу жонундо,эми минтип кээбири дарыгерлерди даярдап баштады,а дарыгерлер маяна аз деп чет олкодо журушот,башын айланат айтор..
Эми бул жерде чон бизнес журуп жатканы айтпаса да белгилуу,анткени быйыл КГМА контрактты 20000(жыйырма минге) которуп салды,мурда 60000 болсо эми 80000 ар
08.08.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
surgeon777,"балетмейстр" айгерим расул кызын кошпой калыпсынар
08.08.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Nanei,ооба)))),дагы бироонун куйоосун кошпой калыптырмын,кыз-бизнес менен акча таап,маданияттын окулу,директор болуп алганын жана ошол бироого наам сатып бергенин.
08.08.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ар бир студенттен ошончо акча болсо элестеткиле,акча табыштын айласы,болбосо Жумалиев менен Аманова жакшы дарыгерлерди чыгаралы деп жанталашып жатышат дейсинерби,чон бир консерватория ачса да ии дейт элем,азыр керек болсо колледж ачсан эле акчаны кургуштоп таап байыйсын,а чон жогорку окуу жайды атпай эле коёюн,тем более медициналык болсо,эсинерде болсун окуу жай ачыш-бул Чоон Бизнес!)
Бирок медициналык окуу жайды башкарууга Р.Аманованын моралдык укугу жок!
08.08.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Медицина эн оор жана эч бир тармакка окшобогон оор илим,ага аралашканын менен аны терен тушунуу учун озун медик болушун керек,торолгондон озунчо орусча айтканда призвание болуш керек,жон эле башкаруу оной деп ойлоп жатат,эгер чын эле оной болуп жатса демек бизнеске мамиле кылгандай мамиле кылат деп тушуном,значит-главное плати и учись в моем университете деп окутуп жатат..
08.08.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо кайсы окуу жайга ректор болгон?? Медакадемиявы???
08.08.2018. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nanei,Международная Медицинская Академия,менчик медициналык окуу жай,врачтарды,стоматологдорду,фармацевттерди чыгарышат,2-чиби 3-чу жыл иштеп атышат.
08.08.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
surgeon777,ушундай университет терден чыккан стоматологдор гепатит ооруларын жуктуруп жатыщат да. Аспаптарын стерилизация кылбай
08.08.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза Аманова Жумалиевке тийгенден бери ото бой которгон аял болгон.Убагында азыркы Самара Каримовадай популяр эле байкуш каарыптыр бирок.
09.08.2018. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда иштеп барып окуу жай ачып ректор болуп алсам бекен деген ой келдида
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: