super.kg logo

Чүй районундагы сууга бир чакырымга чейин агып барган адам куткарылды (сүрөт)

 

Чүй районундагы сууга бир чакырымга чейин агып барган 53 жаштагы адам куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 6-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында Чүй районунун Алга айылында 53 жаштагы Калыбек Токболотов аттуу тургун каналдан өтүп баратып сууга түшүп кеткен.

Министрликтин Токмок шаары боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүмүнө саат 22:21 чамасында Мээнеткеч айылынан өткөн каналда адам агып бараткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Куткаруучулар тобу саат 22:35те айтылган дарекке жетип барышып, каналды жээктеп издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада агып бараткан адамды бир чакырым алыстыктан куткарып калышкан.

Куткаруучулар аны суудан алып чыккандан кийин денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жабырлануучу учурда Чүй райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө жатат. Анын дене-башы бир нече жеринен сыйрылып, баш мээси чайкалып калганы аныкталган. Учурда абалы туруктуу экени кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
08.08.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы аман калыптыр, батыраак жакшы болуп кетсин эми. Карангыда уйундо эле отурбаптырда.
08.08.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактаптыр
08.08.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куткаруучуларга рахмат аман алып калышыптыр Аллах ыраазы болсун!
08.08.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ичер сууң көрөр күнүң бүтпөсө ушул да.
08.08.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче ичип алса керек го,
08.08.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көпүрөнү оңдоп койсо болбойбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: