super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте теннис боюнча мелдеш жыйынтыкталып, Кыргыз спортчулар 1 алтын жана 2 коло медаль жеңип алышты

 

Бишкек шаарында теннис боюнча эл аралык мелдеш өтүп, анда Кыргыз спортчулары 1 алтын жана 2 коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.

Аталган мелдеш Теннис академиясынын талаасында өтүп, ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия, Гонконг жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары катышты. Мелдеш 14 жаштагы балдар жана кыздар арасында өттү. Балдар арасындагы мелдеште 20 спортчу катышса, кыздар арасындагы мелдешке 22 спортчу катышты.

Мелдештин жыйынтыгында балдар арасындагы мелдеште 1-орунду Өзбекстандын спортчусу Кадиржон Адилов ээледи, 2-орунду казакстандык Эрнест Балаганский ээлеп, 3-орунда Кыргыз спортчусу Рамис Алиаскеров жайгашты.

Кыздар арасындагы мелдеште алтын медалдын ээси Кыргыз спортчу Владислава Андреевская болду, 2-орунду өзбекстандык Муниса Ашурбекова ээлесе, 3-орунду Кыргыз спортчу Полина Янчерук ээледи.

Балдар арасындагы жуптук мелдеште 1-орунду Иван Кизилов (Казакстан) жана Кадиржон Адилов (Өзбекстан) ээлесе, 2-орунду Кыргыз спортчулары Султан Юнусов менен Ильгиз Камчыбеков багындырды.

Кыздар арасындагы жуптук мелдеште алтын медалдарды Владислава Андреевская (Кыргыз өлкөсү) жана Муниса Ашурбекова (Өзбекстан) тагынса, 2-орунду Кыргыз спортчулары Анна Пасмонова менен Полина Янчерук ээледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.08.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: