III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө (оюнчулардын тизмеси)
Көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Ысык-Көлдө машыгууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
2-8-сентябрь аралыгында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү боюнча Кыргыз курама командасы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Жыйындардын 1-этабы 13-августка чейин созулса, 2-этап 18-августта башталып 31-августта аяктайт.
Көк бөрү боюнча Кыргыз курамасынын курамына өлкөнүн мыкты делген улакчылары кирди. Анда Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдештин жеңүүчүсү "Ынтымак" командасынан 5 улакчы, Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүсү "Достук" командасынан 4 улакчы жана "Биримдик" командасынан 3 улакчы курамдын тизмесине кирди.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
- Марлис Койгелдиев ("Ынтымак") - минген аргымагы Арбат
- Кубаныч Султан уулу ("Биримдик") - минген аргымагы Атаман
- Айбек Темирбаев ("Достук") - минген аргымагы Ахилес
- Эрлан Толобеков ("Ынтымак") - минген аргымагы Дерзкий
- Таштемир Майлыбашов ("Достук") - минген аргымагы Алай
- Чубак Нурманбет уулу ("Ынтымак") - минген аргымагы Ак-Куш
- Нуржан Мелисбек уулу ("Ынтымак") - минген аргымагы Эрке-Тору
- Улан Насакеев ("Биримдик") - минген аргымагы Арча Тору
- Аскат Баатырбек уулу ("Достук") - минген аргымагы Токмок
- Манас Ниязов ("Достук") - минген аргымагы Бойка
- Рустам Тыналиев ("Биримдик") - минген аргымагы Комбат
- Сейитбек Анарбек уулу ("Ынтымак") - минген аргымагы Кара-Куш
- Машыктыруучу - Мыктыбек Туташев.
- Ат багуучулар:
- Таалай Мырзакматов;
- Тилек Урманбетов;
- Калыбек Алтыбаев.




1 |