super.kg logo

"Вечерний Бишкек" боюнча ишти Биринчи Май райондук соту кайра карайт

 

"Вечерний Бишкек" басылмасы боюнча иш Биринчи Май райондук сотунда кайра каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык соту "Вечерний Бишкек" басылмасынын мурунку ээси Александр Кимдин сот чечимин кайра кароо боюнча арызын карап, жаңы ачылган жагдайлардан улам ишти кайра кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн.

Александр Кимге басылманын учурдагы ээси Александр Рябушкиндин арызынын негизинде кылмыш иши козголгон. Рябушкин Александр Ким кызмат абалынан пайдаланып компаниянын ири суммадагы каражаттарын мыйзамсыз алып турган деген негизде андан 27 миллион сом талап кылган. Ал эми айыпталуучу өзүнө коюлуп жаткан айыпты четке кагып, муну саясий кысым катары айтып келет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: