Бишкекте 19 жаштагы кыз зордуктоого аракет кылган адамдан качам деп мейманкананын терезесинен секирип кетти
Бишкекте 19 жаштагы кыз зордуктоого аракет кылган адамдан качам деп мейманкананын терезесинен секирип кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 8-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Анын айтымында, окуя 3-август күнү шаардагы мейманканалардын биринде болгон.
"19 жаштагы кыз 3-август күнү милицияга арыз менен кайрылган. Жазган арызында У.Э. аттуу адам менен кафелердин биринде таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, зордуктоого аракет кылганда терезеден секирип кеткенин жазган. 2 же 3-кабаттан секиргенин так айта албайм. Айтор, жаракат алып ооруканага жатып калган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, материалдар жыйналып жатат", - деди Оморов.
Айрым маалымат каражаттары кызды зордуктоого аракет кылган адам панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев экенин жазышууда.
кошулду

Тиги жигитке да чала, аты эл оозуна алынып калган сон к... ХХХ жон эле журбойбу, зынаа жолуна баспай, коппой...