super.kg logo

Караколдогу медициналык окуу жайдын бычакталып өлтүрүлгөн директорунун үйүн анын кызынын жигити өрттөп жиберген

 

Караколдогу медициналык окуу жайдын бычакталып өлтүрүлгөн директорунун үйүн анын кызынын 18 жаштагы жигити өрттөп жиберген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынын кабарлашты. Маалым болгондой, ал бул ишке сүйгөн кызынан өч алуу максатында жасаган.

"Үйдү өрттөөгө шектүү катары Каракол шаарынын 18 жаштагы Акжолтой Ж. жана 19 жаштагы Адилет М. аттуу тургундары кармалган. Алар өз күнөөлөрүн моюнуна алышты. Алардын айтымында, Акжолтой үйдү медициналык окуу жайдын бычакталып өлтүрүлгөн директорунун кызын кызганып, андан өч алуу максатында өрттөгөн. Ал үйгө балкон аркылуу кирип барып, кыздын бөлмөсүнө бензин чачып өрттөгөн. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иш шаардык соту тарабынан каралды. Шаардык соттун чечимине ылайык, кармалгандар үй камагына чыгарылышты. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти ОИИБден.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиева өз үйүндө өлүү табылган. Анын өлүмүнө шектелип ошол эле окуу жайдын эсепчиси Р.М. аттуу 40 жаштагы аял кармалганын облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.

2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту соттолуучу Р.М.ны 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде тагылган айыптан актап, ага карата башка иштер боюнча өкүмдөрдү чыгарган. Тактап айтканда, Р.М. медициналык окуу жайдын эсепчиси болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин бюджетине тийиштүү акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алгандыгы аныкталган. Ал эми 2-февралда Ысык-Көл облустук соту Каракол шаарындагы медициналык колледждин директорунун өлүмү боюнча ишти карап, ага ылайык, Каракол шаардык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, айыпталуучу 40 жаштагы Р.М. аттуу аял Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
08.08.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмнеге уй камагына чыгарасынар
08.08.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кандай соттор булар бироонун мулкун ортопедические атса
08.08.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Теректей бой бергиче,теменедей акыл бер дейт эмеспи.
08.08.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Случайно мамасын ушулар олтургон эмеспи эгер уйун орттоп атышса
09.08.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыйраткансып чачтарын өстүрүп алгандарын.
09.08.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай бизди адашкандардан кыла көрбө,ыйман ынсап бер.Өкүнүчтүү канчалаган жаш балдар болоор болбос немеден кылмыш дүйнөөсүнө сүңгүп кирип атышат,силер биздин келечегибизсиңер,Алладан тилек кылып дуба кылам,жашоодон жаңылбайлы.
09.08.2018. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыз дагы атамбай деп керсейип тоготпой жигиттин намысына тийсе керек да. Ошентсе дагы туура эмес калыптыр. Өч алууну өзүнүн жакшы жагын көрсөтүшү керек эле.
09.08.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жун баштардесе болот
09.08.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
milan-707,maks94.kb, коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: