ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Өзгөндө айдоочу аял "унаамды чыгарууга тоскоол болду" деп жанындагы жол тандабастын терезесин талкалап кетти"






"Өзгөндө айдоочу аял токтоп турган унаасын чыгарууга тоскоол болду деп жанына токтогон жол тандабастын терезесин талкалап кетти", - деп окурман "Элдик кабарга" жазды.
Анын айтымында, мындай көрүнүш бүгүн, 8-августта Өзгөн шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тегерегинде болгон. Анда жеңил унаанын айдоочусу унаа өтүү үчүн орун тар деп ал жерге токтотулган жол тандабастан ээсин күткөн.
"Мен окуяга күбө болдум, аял 20 мүнөттөй жол тандабастын ээсин күттү. Бизге унаа чыгып кете тургандай орун бар экени көрүнүп турду, унааңызды бериңиз, айдап чыгарып берели деген балдардын сунушуна көнгөн жок. Андан кийин ошол жерде турган адамдар Жигулини түртүп, жолду дагы кеңейтип беришти. "Кыйгач айдап өтө албайм" деп көнбөгөн аял таш менен жол тандабастын терезесин талкалап салды. Андан кийин унаасын өтө албайм деп жаткан жерден айдап чыгып кетти", - деп жазат окурман өзүнүн билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Кой дээр кожосу жок да ийге келтире турган. Болбосо тобосуно камчы ойнотуп акылын киргизе тарбиялап кою соопчулук болмок. Башкача акылы башына келбейт...