super.kg logo

Биринчи Май райондук сотунда ЖЭБ чыры боюнча айыпталып жаткан Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев жана Салайдин Авазовдун баш коргоо чарасы каралууда

 

Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, "Улуттук энергохолдингдин" мурунку башчысы Айбек Калиев, "Электр Станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана ТВЕА компаниясынын Кыргыз мамлекетиндеги өкүлү Мусажан Макелектин баш коргоо чарасы каралууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учурда сот имаратынын тышына айыпталуучуларды колдоп 50дөн ашуун адам чогулду.

Айта кетсек, 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ал эми Айбек Калиев 10-апрелде "Улуттук энергохолдингдин" төрагасы кызматынан бошотулган. Ал Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 17-апрелде Бишкек жылуулук электр борборундагы авария боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.08.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aralbek, далилденбеген маалымат калтырууга тыюу салынган! Порталдын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Билдирүү өчүрүлдү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: