super.kg logo
  Спорт  

1 ай өтпөй дүйнөнүн эң кымбат дарбазачысы алмашты

 

Испаниялык дарбазачы футбол тарыхындагы эң кымбат дарбазачы жана Испаниянын тарыхындагы эң кымбат футболчу аталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бүгүн, 8-августта англиялык "Челси" футболдук клубу 23 жаштагы Кепа Аррисабалаганы сатып алганы тууралуу маалымдады. "Челси" менен "Атлетик" футболдук клубдарынын ортосундагы келишим боюнча дарбазачынын трансфердик баасы 80 миллион еврону түзүп, Кепа Аррисабалага дүйнөдөгү эң кымбат дарбазачы аталды. Буга чейин 20-июлда бразилиялык дарбазачы Алиссон Беккер "Ромадан" "Ливерпулга" 75 миллион еврого өтүп эң кымбат дарбазачы аталган.

Ошондой эле бул трансфер Кепа Аррисабалаганы эң кымбат испаниялык футболчу кылды. Испаниялык футболчулардын арасынан буга чейин эң кымбат футболчу Альваро Морато болчу, ал "Челсиге" 65 миллион еврого өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.08.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кутуусуз болду
08.08.2018. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кепа дагы кучтуу дарбазачы чынында. Челсиден копторго таанылсын эми
08.08.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тааныбайт экем.
Ийгилик тилейбиз. Петр Чехтин ордуна жетет..
09.08.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчанын күчү кетти
50 млндук оюнчулар 150 гө кеттат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: