super.kg logo

Астротөлгө: 9-август күнү баарлашууну жактырган адамдар төрөлөбү?

 

9-августта баарлашууну жактырган адамдар төрөлөт. Көңүлүндө сыр түйбөй, бир көргөн адамга да түз сүйлөп ачык-айрымдыгы, тамашакөйлүгү менен арбап алат. Адамдын оюн алыстан түшүнүп кайсы жерде, ким менен кандай сүйлөшүү керектигин мыкты билишет. Оюндагысын так жана ишенимдүү далилдер менен сүйлөгөн мындай адамдар башкалардын оюн угууга да кызыкдар болушат. Кеп кайсы чөйрө тууралуу болуп жатса да бат эле аралашып, ыңгайы келген жерде кеңеш да бере алышат.

Бул күнү төрөлгөндөр ийри отуруп түз кеңешүү менен бирге чындыкка жетүү максатында талаштан тактыкты жараларын жакшы билишет.

Аларды алдоо мүмкүн эмес. Себеби көп адамдын сырын билип, ага жараша кайсы учурда киши калп айтып жатканын тулку боюндагы өзгөрүүлөргө карап билишет. Эң кызыгы, бул күнү төрөлгөндөр башкалардын кебин угууга да жөндөмдүү келишет, маанисиз болсо да ар бир сөздү кунт коюп угуп, ишенимдүү дос боло алышат.

Аталган күнү түгөйүнөн жана балдарынан катуу тартипти талап кылган арстандар төрөлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: