super.kg logo

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаш жараткан жерлердин дагы эки тилкеси такталды

 

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы талаш жараткан жерлердин дагы эки тилкеси такталды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалым болгондой, Өзбекстандын Фергана шаарында 1-7-август күндөрү Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Кыргыз-Өзбек чек арасынын долбоордук сызыгынын тактоо боюнча маселелер талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки өлкөнүн чек арасынын эки тилкеси макулдашылып, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул жумушчу топтун кийинки жолугушуусу ушул жылдын сентябрында Кыргыз өлкөсүнүн аймагында өтөт.

Өзбекстандын маалыматына караганда, Фергана жана Баткен облустарынын ортосунда Шахимардан жана Газнов тилкелериндеги жерлер такталды.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев буга чейин эки өлкөнүн ортосунда талаш жараткан жер тилкелердин 85 пайызы такталганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: