super.kg logo

Атайын эсеп ачылганга чейин 2018-жылдын 7 айында бюджетке мыйзам бузуу фактылары боюнча 703 миллион сомдон ашык каражат кайтарылган

 

Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылганга чейин 2018-жылдын 7 айында бюджетке мыйзам бузуу фактылары боюнча 703 миллион 317 миң 300 сом кайтарылган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан 604 миллион 839 миң 700 сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен 98 миллион 477 миң 600 сом түшкөн. Жогорудагы кайтарылган каражаттар толук көлөмдө укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринен тиешелүү бюджетке которулган.

- Бюджеттик насыялардан, чет элдик насыялардан жана башка булактар аркылуу алынган насыялардан, социалдык чегерүүлөрдөн, бюджеттик жана мамлекеттик субъекттерге 51 пайыз бөлүгүнө ээлик кылган мекемелерге чыгашасын төлөп берүүдөн кайтарылган каражаттар;

- Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан түшкөн салыктык жана салыктык эмес каражаттар;

- Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген материалдардын негизинде кайтарылган салыктык эмес төлөмдөр, салыктык жана бажылык төлөмдөрүн төлөбөгөн каражаттар;

- Башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген материалдардын негизинде мыйзамдуулукту бузууга байланыштуу кайтарылган каражаттар;

2018-жылдын 1-августуна карата укук коргоо органдарынын бирдиктүү депозиттик эсебине коррупция менен болгон күрөштөн түшкөн каражат 255 миллион 509 миң 77 сомду түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: