Испанияда аялынын WhatsApp`тагы билдирүүлөрүн окуган жаран 2 жылга кесилди
Испанияда атайын тыңчылык кылуучу тиркеме аркылуу аялынын WhatsApp`тагы билдирүүлөрүн окуган жаран 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, 32 жаштагы жаран аялынын билдирүүлөрүн аңдып, көзүнө чөп салып жүргөнүн далилдеген бир нече фактыларды скриншот кылып аялына жиберген. Аялы жеке жашоомо тоскоолдук жаратууда деп айыптап, аны сотко берген.
Күйөөсүнүн ур-токмокко алып, зордуктаганын кошумчалаган аял 78 жылга камоону суранган. Бирок сотто ур-токмокко алуу, зордуктоо фактылары аныкталган эмес. Мунун негизинде сот испаниялык жаранды аялынын жеке жашоосуна кийлигишкен деп таап, 2 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ошондой эле жабырлануучу менен 4 жылга чейин жолугууга тыюу салган.
Испанияда аялынын WhatsApp`тагы билдирүүлөрүн окуган жаран 2 жылга кесилди

Аялынын ватсабын окуган эркектер бут камалат денен сандырак пикиринди озуно эле калтыр...
Бул киги андып, аялынын суюк аяктыгын далилдеп чыгыптыр...
Бирок кыргыз кыздары чыдамкай сабырдуу болгону учун, телефонун текшермек тугол, ур токмокко алса да чыдап журобуз!
Как будто ради кыргыз жигиттер учун оздорун оздору курмандык кылып жаткандай айткан экен, ошого жараша жооп берип койдум.
Аялдар чектен чыгып озуно куноо тилеп алганын айтаар киши жок да ээ?!!