super.kg logo

Ак-Ордодогу жолдун курулушуна материалдар кымбат баада алынып, мамлекетке 6 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

 

Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 9-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Ак-Ордо жаңы конушундагы унаа жолду куруудагы мыйзамдуулук текшерүүгө алынган. Анда жол куруу үчүн тендер жарыяланып, жыйынтыгында жогоруда аталган курулуш башкармалыгы менен "М.Г." ААКсынын ортосунда 97 миллион 536 миң 900 сомго келишим түзүлгөнү аныкталган.

Оңдоо иштери бүткөндөн кийин Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери курулуш материалдарынын баасы кымбат сатып алынганына карабай унаа жолду өткөрүп алышкан. Ошондой эле тийиштүү нормаларга жооп беришин, долбоордун планын текшеришкен эмес. Мындан улам мамлекетке 6 миллион 473 миң 437 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: