Чүйдө изделип жаткан 86 жаштагы тургун табылды
Чүй облусунда изделип жаткан 86 жаштагы Герасим Москалев аттуу тургун табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинен 9-августта кабарлашты. Облустук милициянын басма сөз өкүлү Нургүл Нусупованын айтымында, Москалев 8-август күнү кечинде Бишкектин батыш тарабындагы Шлагбаум тараптан табылган.
"Изделип жаткан 86 жаштагы жаран 8-август күнү кечинде Шлагбаум жактан табылды. Анын эс-тутуму начар жана оң буту жок болуп майыптардын арабасында отургандыктан ал жакка кандай жагдайда барып калганы азырынча белгисиз. Учурда себебин аныктап жатабыз", - деди Нусупова.
Герасим Москалев 7-август күнү Аламүдүн районундагы Достук дачасындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
4

Комментарийлер(1)
admin_media

09.08.2018. 14:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muslim_KGstana.,порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.