super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппарат башчынын милдетин Досалы Эсеналиев аткарып жатат

 

Президенттик аппарат башчынын милдетин Досалы Эсеналиев аткарып жатат. Ал президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип келет.

Буга чейин президенттик аппаратты Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеп келген. Ал 20-апрелде премьер-министр болуп дайындалгандан кийин бул кызматты тапшырган.

Өмүр таржымалы.

Эсеналиев Досалы Акпаралиевич 1965-жылы 11-апрелде Ала-Бука району, Көк-Серек айылында туулган.

1990-жылы Кыргыз улуттук университетин тарых жана коом таануу багыты боюнча бүтүргөн.

1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин "Тарых" бөлүмүнөн аспирантураны аяктаган.

1999-2001-жылдары - Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын маалымат кызматынын эксперти;

2001-2008-жылдары - Бүткүл дүйнөлүк банктын "Жакырчылыкты жоюунун стратегиясынын институционалдык колдоо" долбоорунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси;

2003-2008-жылдары - президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;

2008-2009-жылдары - президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары;

2009-2010-жылдары - президенттик аппараттын Жогорку Кеңеш менен байланыш бөлүмүнүн башчысы;

2010-2012-жылдары - "Республика" партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы;

2014-жылы "Бир Бол" партиясынын аткаруу комитетинин башчысы;

2016-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;

2018-жылдын апрель айынан тарта президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: