super.kg logo

Өкмөт: "Матраимовдун доосу боюнча сот чечимине арыз берүү же бербөө маселеси каралууда"

 

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан райондук соттун чечими өкмөткө түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун орун басары Мирлан Дордоев билдирди.

"Бизге Биринчи Май райондук сотунун чечими 6-августта келген. 24-августка чейин чыккан чечимге карата арыз берүүгө убакыт бар. Учурда бул маселени карап жатабыз. Арыз берүү такталып чечиле турган маселе. Азыркы тапта ошол иштер аткарылууда", - деди Дордоев.

Айта кетсек, 25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

Эске салсак, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.08.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаевдин кошелегу Раим милионду ишке албаш керек деп ойлойм.
09.08.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Долясын күтүп жатышат экенда берсе бербейбиз бербесе беребиз.
09.08.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президенттен буйругун кутуп жатабыз деп ачыгын эле айтпайсынарбы. Буга чейин президент озу чечип келген турбайбы. Силер ойлонбой эле койгула.
09.08.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Матраимов Жээнбековдун кошоматчысы жана уурусу. Жээнбеков атайын коргоп журот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: